28.01.2019 11:01

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарына эс алууга кетти

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарына эс алууга кетти

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарына эс алууга кетти. Бул тууралуу журналисттерге КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев бүгүн, 28-январда учуп кеткен.

«Мен мурда билдиргендей, Атамбаев кыска эмгек өргүүсүнө чыкты. Үй-бүлөсү менен бир жума Бириккен Араб Эмираттарында болуп, кайра кайтат», - деди Жолдубаева.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин 11-январда Индияга бара турганы айтылып, бирок ал сапар белгисиз мөөнөткө жылдырылган.